Биз менен байланышыңыз

Малайзияны сел каптап, бир нече адам дайынсыз жоголду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2021 | 560 | 0

Малайзияда жааган кара нөшөрдөн дарыя ташып, селге айланды. Акыркы 100 жылдан бери кездеше элек мындай аба ырайынан бир нече адам дайынсыз жоголду. Учурда дагы 10дон ашуун адам изделип жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Сел жүргөн аймактардан 40 миңден ашуун адам коопсуз жайларга көчүрүлдү.

«Бүгүнкү күндө сел сегиз штатты каптап, учурда борбордук штатка жетти. Айрыкча, калк жыш жайгашкан Селангор штаты коркунучка кептелип турат», — деп билдирди Паханг штатынын өрт-куткаруу кызматы.

Премьер-министр Исмаил Сабри Якоб калкты куткаруу, жардам берүү үчүн дагы бир аскер отрядын жөнөттү.

Учурда аймактарда 66 миңден ашуун куткаруучу, аскер, полиция кызматкерлери иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM