Биз менен байланышыңыз

Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчи кызматына талапкерлиги комитетте жактырылды

Кыска кабар | 17 Дек 2019 | 1014 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзия өлкөсүнө элчи кызматына талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматы билдирди. Комитеттин 12 мүчөсү Бекназаровдун талапкерлигин колдоп добуш беришти. Бир депутат каршы чыкты. Отурум жабык өттү.

Азимбек Бекназаровдун Малайзияга элчи болору жөнүндө буга чейин айтылып келген. Бул тууралуу саясатчы өзү да айтып, элчилик кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылганын белгилеген.

Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңеште 2000-2005-жылдары депутат болгон. 2005-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ал баш прокурор кызматын аркалаган. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары өлкөнүн күч органдарын көзөмөлдөп турган.

Copyright © 2017 Maral FM