Биз менен байланышыңыз

Депутат Бокоев Өкмөттү азык-түлүк коопсуздугун кароого чакырды

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 498 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчетун укту. Жыйында депутат Кенжебек Бокоев өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун кароо сунушун киргизди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Бокоев коронавирустан улам сырт менен байланыш үзүлө турган болсо, Өкмөт элди азык-түлүк менен камсыз кылууга дарамети канчалык экенине кызыкты.

Казакстан чек арасын жаап алгандыктан, азыр биздин алдыбызда ун жетеби-жетпейби деген маселе турат. Бул биз үчүн өтө маанилүү маселе, сөзсүз карашыбыз керек, — деди депутат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Материалдык резервдер фондунда сакталган азык-түлүктөрдүн көлөмү купуя болушу керектигин айтып, депутатка жазуу жүзүндө жооп берүүнү убада кылды.

Белгилей кетек, Материалдык резервдер фондусунун маалыматына караганда, азык-түлүк коопсуздугу 103 пайыз деңгээлинде камсыз кылынган.

Copyright © 2017 Maral FM