Биз менен байланышыңыз

«Быйыл азык-түлүктө көйгөй жаралат»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Янв 2021 | 744 | 0

2021-жылы азык-түлүктө көйгөй жаралат. Бул тууралуу экономист Аймен Касенов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө керектөөчү азык-түлүктүн 60 пайызын сырттан импорттойт. Мындан улам чек аралардын жабылуусу да азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизет.

«Күтүлгөн көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн мамлекет канча эгин эгүү керектигин пландашы керек. Дыйкандар, кайра иштетүүчүлөр менен бир келишимге келип, планга жараша өндүрө башташыбыз зарыл. Мындан сырткары жеңилдетүүлөр болушу кажет. Тартыш болуп жаткан азыкты чет жактан алып келүүнү кароо шарт. Экономиканын бүгүнкү абалына көбүрөөк өлкөдөгү туруксуздук таасир этти. Биз жумуш менен алек болбой эле, шайлоого чуркап калганбыз», — дейт Касенов.

Касенов Садыр Жапаров бийликке келсе, саясатка эмес, экономикага көбүрөөк басым жасашы керектигин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM