Биз менен байланышыңыз

«Бийлик элдик көзөмөл болгондо гана күчтүү болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Янв 2021 | 679 | 0

Бийлик коомдук көзөмөлгө алынганда күчтүү болот. Мындай пикирин экономист Аймен Касенов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, элдик көзөмөл оппозициянын ордун ээлеп, башкаруу системасын да, бийлик өкүлдөрүн да түздөп коёт. Ал үчүн бийлик коомдук көзөмөлгө шарт түзүп бериши кажет.

Реформалар ишке ашуусу үчүн элдин колдоосу керек.

«Садыр Жапаровго үмүтүбүз бар, ал үмүт ишенимге өтүп кетеби, аны убакыт көрсөтөт. Биз өзүбүздүн финансылык системабызды түзүшүбүз керек. Учурда сырттан көз карандыбыз. Мындан сырткары бизде бир да системалуу банк жок. Банктык стратегияны караган атайын стратегия зарыл болуп турат. Калктын 80%ынын акчасы бизге таандык эмес банктарда турат, бул да коркунуч жаратат. Бул жагдайларга көңүл буруу кажет», — дейт Касенов.

Copyright © 2017 Maral FM