Биз менен байланышыңыз

«Аймактардагы негизги көйгөй — билим жетишпейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Янв 2021 | 845 | 0

Экономист Аймен Касенов «Маралга» берген маегинде учурда аймактарды өнүктүрүү стратегиясынын үстүндө иштеп жатканын билдирди.

Ал аймактардагы көйгөйлөрдү атап берди.

Биринчиден, билим жетишпейт, дыйкандар планга муктаж. Экинчиден, идеяны ишке ашыруу үчүн каражат жетишпейт, насыялар узак мөөнөткө берилиши кажет. Мындан сырткары көп тармактар пандемиядан улам иштебей калган, аларга колдоо көрсөтүү керек.

«Эч кимди күтпөй эле барып, жергиликтүү коомдор менен иштешип, сунуштарды берип, тажрыйбабыз менен бөлүшүп жатабыз. Үнөмдөп, акча табуу боюнча кеңештер каралууда», — дейт Касенов.

Ал белгилегендей, көмүскө экономикадан чыгуу үчүн салык системасын туура иштетүү кажет. Салык эки эмес, бир мүнөздүү болуп, коомчулук эмне үчүн салык төлөп жатканын түшүнүшү керек.

Ал эми паракорчулук менен күрөшүү үчүн алгач коррупциялык иштер болбогондой шарт түзүү абзел. Маселен, кызматкердин маянасы жетишсиз болсо, уурдаганда аргасыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM