Биз менен байланышыңыз

«Өкмөт январда азык-түлүк балансын жасашы керек эле»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2021 | 1359 | 0

Өкмөт жылдын башында азык-түлүк балансын жасашы керек болчу. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аткаруу бийлиги азык-түлүк балансын кварталдык, айлык негизде чыгарып, элге маалымат берип турушу керек.

Мындан сырткары Өкмөт чек ара маселелерин чечип, керек болсо керектүү азыктарды учак менен ташып келиши зарыл.

«Тамак-аш коопсуздугу боюнча мыйзамда механизмдердин баары көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, ал жакшы иштебей жатат. Мыйзамга ылайык, азык-түлүктөрдүн баалары жана көлөмү тууралуу жарандарга маалымат берилиши керек. Коопсуздук кеңеши баа көтөрүлүп жаткан жерлерде азык-түлүктүн интервенциясын жасап, же болбосо акчалай жардам көрсөтүү механизмин ачык-айкын айтышы зарыл эле. Бирок эки жылдан бери жасабай жатышат», — дейт Жапаров.

Анын баамында, пандемияда өлкө экономикасынын түзүмү туура эмес калыптанганы көрүндү. Анткени Кыргызстан импортко катуу көз каранды. Бул — өлкө үчүн абдан кооптуу. Себеби 500 миңге жакын жаран жумушсуз. Демек, каражаты жок, анын артында ачкачылык турат.

Copyright © 2017 Maral FM