Биз менен байланышыңыз

Ташкенттин башчысы жумушсуздукту жоюуга убада берди

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1417 | 0

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын башчысы Жахонгир Артыкхожаев ушул жылдын сентябрь айына чейин шаардагы жаштарды иш менен камсыз кылууга убада берди.

Жаштар менен болгон жолугушууда Артыкхожаев буга жеке сектордун жардамы менен жетишүүнү пландап жатканын айтты.

«Ташкентте 87 миңден ашуун компания бар. Булар ирденип калган фирмалар, биз алардын ар бирине бирден адам кошуп, 87 миң адамды иш менен камсыз кылабыз», — деди ал.

Артыкхожаевдин айтымында, Ташкентте 18 жаштан 30 жашка чейинки 23 миң жумушсуз улан-кыз бар.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылдын экинчи кварталында Ташкентте жумушсуздук 7,8% ды түзгөн. Каттоосу жок жумушсуздардын саны расмий маалыматтарга караганда бир топ жогору деп болжолдонууда.

Социалдык тармактын колдонуучулары Ташкенттин башчысы айткан сандарга шек келтиришти.

«Жахонгир мырза, Орусияда иштегендерди эске алганбы? Калп айтуунун да чеги болушу керек. Райондорго келгиле, жумушсуздар, жаштар бар. Баары сентябрь айына чейин иштейби, карап көрөлү. Эң өнүккөн Американын президенттери да жумушсуздукту жоёрун жарыялай элек», — деп жазган «Фейсбук» колдонуучусу Рустам Каюмов.

Ушул жылдын башынан бери Өзбекстанда «Ар бир ишкер — жаштардын жардамчысы» жалпы улуттук кыймылы жарыяланды. Бул демилгеге ылайык, ишкерлер 18-30 жаштагы жумушсуздарды иш менен камсыз милдетин алат. Анын ордуна ишкерлерге жеңилдиктер убада кылынган.

Copyright © 2017 Maral FM