Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда жумушсуздардын саны эки миллионго жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 614 | 0

Коронавирустук пандемия учурунда Өзбекстанда жумушсуздардын саны 600 миң адамга көбөйүп, жалпы 2 миллионго жетти. Бул тууралуу Жумушка орноштуруу жана эмгек мамилелери министри Нозим Хусанов жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде билдиргендигин жергиликтүү басылмалар жазды.

“Ушул жылдын башында жумушсуздардын саны болжол менен 1,4 миллион адамды түздү. Ошондон бери пандемиядан улам айрым ишканалар жабылып, жумушсуздардын саны 2 миллионго жакындап калды. Мындан тышкары, чет өлдөдөгү жумуштарына бара албай жаткан 500 миңге жакын жарандарыбыз бар», — деди министр Хусанов.

Пандемияга чейин Өзбекстанда жумушсуздук деңгээли 9,3% ды түзгөн. Акыркы болжолдуу маалыматтар жана алдын-ала эсептөөлөр боюнча бул көрсөткүч 14-15 пайызга чейин өстү.

Буга чейин Bloomberg Эл аралык валюта фонду Өзбекстандагы жумушсуздуктун деңгээли быйыл 16,5%га жетиши мүмкүн экендигин билдирген.

Маалыматка ылайык, быйыл Өзбекстанда жумушсуздуктун деңгээли 8,9% га жетет. Агенттиктин айтымында, Өзбекстан өкмөтү расмий түрдө жумушсуздуктун деңгээлин төмөн деңгээлде көрсөтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM