Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: Мекенге кайткан мигранттарды колдоо үчүн план да түзүлө элек

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 769 | 0

Пандемияга байланыштуу чет өлкөдөн мигранттардын кайтып келиши мамлекет үчүн жана экономика үчүн оор болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мигранттарды Кыргызстандын инвесторлору катары атап келишкен. Алар жылына  2,5 млрд доллларга чейин акча которушчу. Орусияда жумуш токтогондугуна байланыштуу акчалардын келүүсү да бир нече эсеге кыскарган.

Бизде курулуш тармагы болобу, кызмат көрсөтүү тармагы болобу, алардын ишинин жүрүшү мигранттарга көз каранды болуп келген. Анткени мигранттардын иши жүрүшсө, бул жактагы куруучулардын үйлөрү сатылып иши жүрүшкөн. Ал жакта иштер токтоп калса эле биздин экономикага да таасир этет, — деди Маматалиев.

Маматалиев билдиргендей, кандай  болбосун мамлекет баардыгын жумуш менен камсыз кылышы керек. Ал анын түздөн-түз милдети жана иши. Ошол эле учурда азыркы шартта бардык жарандарды жумуш менен камсыз кылууга мамлекеттин шарты жок. Жада калса, аларды колдоо үчүн каражат да, план да ойлонуштурулган эмес.

Мамлекеттин сырттан алып жаткан акчаларынын ичинен ишкерлерди колдоого бөлүнгөн 14 млрд сому кичи бизнести колдоого жумшалып жатса, андан башка мекенине кайтып жаткан мигранттарды колдоо үчүн атайын түзүлгөн чоң бир долбоор, атайын иш чаралар жана атайын түзүлгөн план да жок. Муну ачык эле айтыш керек, — деди Маматалиев.

Статкомдун маалыматы боюнча Кыргызстанда жумушсуздардын саны 156 миң 300 кишини түзөт. Бул расмий түрдө гана айтылган. Расмий эмес түрдө бул сандар эки эсеге көп.

Copyright © 2017 Maral FM