Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдө 5 жылда 85 млн адам жумушсуз калышы мүмкүн 

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 499 | 0

2025-жылга чейин 26 мамлекетте жаңы технологиялардын киргизилишинен улам 85 миллион адам жумушсуз калышы мүмкүн. Ошол эле учурда, жаңы технологияларды жана алгоритмдерди киргизүү менен ушул мезгилде 97 миллион жаңы жумуш орундары түзүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форумдун «2020-жылдагы жумуш орундарынын келечеги» аттуу баяндамасында айтылат.

Баяндама форум тарабынан ар кандай тармакта иш алып барган 300 ири компаниянын менеджерлеринин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде даярдалган.

Жогорудагы сандар адамдардын ордун роботтор же атайын программалар алмаштырат дегенди билдирбейт. Бирок, адам жана машина эмгегинин катышы өзгөрөт.

Форумдун эксперттери иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын жигердүү жаап, мезгилдин талаптарына жооп бербеген кызматкерлерди жумуштан кетирип жатканын айтышат. Ошол эле учурда, жумуш орундары алгоритмдер менен натыйжалуу иштей алган адамдардын эсебинен көбөйүүдө.

Сурамжылоого катышкан компаниялардын 42 %ы 2025-жылга чейин жаңы технологиялардын эсебинен жумуш орундарын кыскартууну, 41 %ы атайын жумуштарды аткартуу үчүн подрядчиктерди пайдаланууну, 34 %ы жумушчулардын санын көбөйтүүнү мерчемдешкен.

Билдирүүгө ылайык, пандемия учурунда онлайн окууга болгон суроо-талап төрт эсе көбөйгөн. Учурда адамдар жеке жөндөмдөрүн өркүндөтүү үчүн онлайн курстарын издеп жатышат. Ал эми жумушсуздар санарип технологияларын, маалыматтарды анализдөө, информатика жана маалымат технологияларын изилдөөгө артыкчылык беришүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM