Биз менен байланышыңыз

«Кызматкерлерди кыскартууга 2 негиз бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2020 | 699 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев «Марал» радиосуна берген маегинде мекемедеги кызматкерлердин санын кыскартууга 2 негиз бар экенин билдирди. Алар: бюджеттин тартыштыгы жана санариптештирүү.

Токтогазиев белгилегендей, замандын талабына жараша айрым процесстерди кызматкерлер эмес, компьютерлер жасашы керек. Маселен, маалыматтарды чогултуу, анализ жүргүзүү.

«Кызматтан кете тургандар менен сый көрсөтүп, коштошобуз. Алардын тагдыры да мен үчүн маанилүү. Мүмкүн жумуш таап, орноштурууга аракет кылабыз. Биз эффективдүүлүктү арттырып, чоң реформалардын ишке ашырышыбыз керек. Ал үчүн ушундай кадамдарга барууга туура келет», — дейт министр.

Ал жаңы технологияларды колдонгон адистер аз болуп жатканын айтат. Мындай кызматкерлерге жаш адистер кошулуп берилет да, тажрыйба менен жаңы технологиялар айкалышарын белгиледи.

«Бирге иштегенде жакшы жыйынтыкка келишет. Баарын кетирем деген радикалдуу идеялар жок. Эң негизгиси, бирге жыйынтык керек. Айыл чарба тармагында киреше көп болсо, өлкө да өнүгөт. Алар ийгиликтүү болсо, өлкөдө тамак-аш коопсуздугу камсыздалат», — дейт Токтогазиев.

Copyright © 2017 Maral FM