Биз менен байланышыңыз

«Айыл чарба техникаларын алып келүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лоббилерин токтотуу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Мар 2021 | 586 | 0

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн башка мамлекеттер менен иштешүүсүнө кулчулук мүнөз тоскоолдук кылат. Мындай пикирин мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Кул мүнөз болуп, бир өлкөгө гана баш ийип, алар эмне десе, ошону жасайбыз. Ички саясатта да сырткы саясаттын негизинде чечимдер кабыл алынып турганы… чынын айтсам, суверендүүлүккө ээ боло элек экенбиз. Бизге эмне керек экенин билбейбиз. Көп иштер «айтты» дегендин негизинде жасалууда. Өз саясатыбызды жүргүзүп, өнүккөн өлкөлөр менен биргеликте иштешүү зарыл. Айыл чарба техникаларын алып келүүдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лоббилерин токтотуу керек», — дейт Токтогазиев.

Анын айтымында, айыл чарба тармагында кагаз жана иш жүзүндө 2 түрдүү статистика жүргүзүлөт. Мындан сырткары бир министрдин 5 «министри» бар.

Токтогазиев Айыл чарба министрилигинде керексиз бөлүмдөр дагы деле иштеп жатканын сынга алды.

Ошондой эле айыл чарба багытында Кыргызстанга Европада тыюу салынган дарылар кирерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM