Биз менен байланышыңыз

Токтогазиев министрликтеги коррупцияны жоюу жолдорун айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Ноя 2020 | 767 | 0

Айыл чарба тармагына толугу менен жооп берем, андыктан кадр саясатына эч кимди кийлигиштирген жокмун. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Кеп жашта эмес, кеп — кызматкердин тажрыйбасында жана тазалыгында. Айрым адамдар 50 жашта болсо да, өз жумушун так аткарып, кесипкөй иш алып барат. Алар 20 жаштагылардан энергиялуу. Ошол эле кезде, 20 жашында чалга айланып кеткен кишилерди да тааныйм. Жаштык — тазалыктын кепилдиги эмес. Ошондуктан бийликти башкарууда кесипкөй адистер болушу керек. Жыйынтык бергендер, өз ишин так аткаргандар менен иштешип жатабыз», — дейт Токтогазиев.

Ал маалымдагандай, айрым департаменттин жетекчилери алмашты. Министрликте аудит жүрүп, кемчиликтер аныкталып жатат. Ошого жараша өзгөрүүлөр жасалууда.

Алдыда мекеменин Telegram bot’у ишке кирет. Натыйжада жарандар тармактагы коррупциялык элементтер боюнча Токтогазиевге түз маалымат бере алат.

Министрлик мекемедеги коррупциялык иштерди санариптештирүү жана Telegram bot аркылуу жоюуну пландап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM