Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз-өзбек кызматташуусунда ири тоскоолдуктар бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Мар 2021 | 713 | 0

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чоң потенциал болгону менен кызматташууда ири тоскоолдуктар болууда. Маселен, чек ара жагдайы, кыргыз тараптын өзбек ишкерлери менен жакшы иштешпегендиги жана башкалар. Эгерде тоскоолдуктар жоюлса, Кыргызстандын продукцияларына Өзбекстанда талап күч. Мындай пикирин мурдагы Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тоскоолдуктарды жоюу үчүн ар тараптуу кызматташып, чек ара маселесин башкача ыкма менен чечип, эки өлкөнүн бизнес бирикмелери тыгыз иштеши зарыл. Алгач соода башталып, андан ары инвестициялык долбоорлор кетиши керек. Ал эми учурда биринчи кагаз жүзүндө долбоорлор башталат, бирок ишке ашпайт.

Биринчи ишеним пайда болушу керек, ал соода аркылуу жетишилет. Кыргызстандын Өзбекстан менен болгон мамилеси башка өлкөлөргө караганда солгун. Анын үстүнө Кыргызстанда кадрдык туруксуздуктун айынан инвесторлор да келүүнү көп каалабайт.

Copyright © 2017 Maral FM