Биз менен байланышыңыз

Австралияда жумушсуздардын саны 1 миллиондон ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Авг 2020 | 631 | 0

Австралияда жумушсуздардын саны алгач ирет 1 миллиондон ашты. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук статистикалык бюросу маалымдады.

«Июлда жумушсуз калгандардын саны 16 миң адамга өсүп, калктын 7,5 пайызын түздү. Австралияда алгач ирет калктын миллиондон ашыгы жумушсуз калган, же активдүү түрдө жумуш издеген абал жаралды«,- дейт бюро башчысы.

Өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталса, жумушсуздук азыркыдан да өтүп күчөөрү айтылууда. Австралиянын резервдик банкынын билдиргенине караганда, 2020-жылдын соңуна карата жумушсуздардын саны 10 пайыздан ашат.

Copyright © 2017 Maral FM