Биз менен байланышыңыз

Бекназаров Малайзиянын ТИМине ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 798 | 0

5-мартта Куала-Лумпур шаарында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин  директору Ван Заиди бин Ван Абдулла мырзага ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды.

Аземдин жүрүшүндө Бекназаров Ван Заиди бин Ван Абдулла мырзага Кыргызстандагы азыркы кырдаал жөнүндө айтып берди, ошондой эле Малайзия менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берүүдө кыргыз тарабынын жогорку кызыкдарлыгы жөнүндө билдирди.

Ван Заиди бин Ван Абдулла Кыргызстандын жаңы элчисине алдыга коюлган пландарынын ишке ашырылышына ийгиликтерди каалады.

Copyright © 2017 Maral FM