Биз менен байланышыңыз

Азербайжандын Сербиядагы элчиси коррупцияга шектелип кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 592 | 0

Азербайжандын Сербия, Черногория, Босния жана Герцеговинадагы элчиси Эльдар Гасанов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу «Turan» агенттиги Мамлекеттик күзөт кызматына шилтеме берүү менен жарыялады.

Иликтөө учурунда Эльдар Гасановдун ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу, акчаны уурдоо жана башка кылмыштарга катыштыгы бар экени аныкталган.

Маалыматка ылайык, учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана кошумча маалымат берилет.

Июль айында Азербайжандын Түркиядагы экс-элчиси, республиканын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Консулдук бөлүмүнүн башчысы Фаиг Багиров кармалган. Ага бюджеттин акчасын уурдоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана паракорчулук боюнча айып тагылган.

Copyright © 2017 Maral FM