Биз менен байланышыңыз

Малайзиянын премьер-министри отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 1065 | 0

Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад отставкага кетүү үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу Bloomberg сайты жазды.

Буга чейин Махатхир жетектеген партия “Үмүт альянсы” башкаруучу коалициясынын курамынан чыгарылган болчу.

Бул саясий курам 2017-жылы түзүлүп, 4 оппозиция партияларын бириктирген. Ошондо эгерде алар 2018-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңип чыкса, Махатхир 2 жыл эле премьер-министр болуп, андан соң бийликти курамдагы ири партиянын лидери Анвар Ибрагимге өткөрүп бермек. Мындай келишим ошол убакта 71 жаштагы Анвардын түрмөдө болушу менен түшүндүрүлгөн. “Үмүт альянсынын” шайлоодогу жеңишинен соң Жогорку сот Анварга ырайым кылып, бийликке келүүсүнө уруксат берген. Бирок, Махатхир 2020-жылдын ноябрынан соң гана бийликти өткөрүп берерин айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM