Биз менен байланышыңыз

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болду (өмүр баяны)

Кыска кабар | 22 Фев 2021 | 1173 | 0

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Гүлнара-Клара Самат буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Эмгек жолу:

1963-жылы 20-августта Ош облусундагы Таш-Көмүр шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Саясат таануу илимдердин кандидаты.

Эмгек жолун 1986-жылы Таш-Көмүр шаарындагы № 7 мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп баштаган.

1987-жылдан тартып 1991-жылга чейин СПТУ-74 баштапкы комсомол уюмунун катчысынан тартып, Кыргызстан ЛКСМ БКнын идеологиялык бөлүмүнүн инструкторуна чейинки жолду басып өткөн.

1995-2001-жылдары КМШ өлкөлөрү башкармалыгынын III катчысы, Мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр тобунун (КР ТИМ) II катчысы, Кыргызстандын Беларусиядагы элчилигинин II катчысы, кийинчерээк I катчысынын стратегиялык жана укуктук көйгөйлөрдүн эл аралык коопсуздугу башкы башкармалыгынын эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн кеңешчиси, 2001-2005-жылдары КМШ Экономикалык кеңешинин алдындагы экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультанты, 2005-2006-жылдары Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин кеңешчиси, 2006-жылы Президенттин басма сөз катчысы, 2006-2007-жылдары Президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институтунун директору,  2007-2008-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы кызматтарын аркалаган.

2018-жылдын майынан тартып азыркы учурга чейин Жогорку Кеңештин депутаты.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү.

КМШны өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн КМШ Аткаруу комитетинин Грамотасы, ошондой эле КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин «Ыраазычылык каты» менен сыйланган.

Орусияда биринчи жолу расмий уюштурулган «Кыргыз Биримдиги» диаспорасынын демилгечиси жана анын уюштуруучуларынын бири.

КМШнын Абхазиядагы, Грузиядагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча оперативдүү тобунун жетекчиси.

Талас облусунун Бакай ата районундагы Ак-Дөбө айылынын ардактуу жараны.

1-класстагы катчы деген 1-дипломатиялык рангы бар.

Copyright © 2017 Maral FM