Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасындагы жагдай талкууланды

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 551 | 0

Бүгүн, 28-январда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы М.Султангазиев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Тараптар 2019-жылдын жогорку деңгээлдеги жолугушууда жетишкен макулдашуулардын ишке ашыруунун, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы жагдайы, оор жүк ташуучу унаалардын топтолуп калуусун талкуулашты.

Ошондой эле, эки тараптуу жана Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында “Ак-Тилек” постунда болгон кырдаалды чечүүнүн механизмдерин карашты.

Copyright © 2017 Maral FM