Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктарынын ишине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 8 Янв 2022 | 632 | 0

Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктарынын ишине өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.

Маалыматта төмөнкү көзөмөл-өткөрүү пункттары иштеп жатканы белгиленет:

«Чалдыбар — Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы (КР) — «Сыпатай батыр — Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы» (РК). Ошол эле учурда Кыргызстандын жарандарынын Казакстанга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

«Чалдыбар — Автожол» өткөрүү пунктунан Казакстандын аймагына жүк ташуучу унаалар чектөөсүз өтөт;

«Ак-Жол — Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы — «Кордай-Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы (РК);

«Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы»(КР) — «Карасу- Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы (РК);
«Чоң-Капка — Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы» (КР) Талас районундагы «Айша-Биби — Автожол» көзөмөл-өткөрмө жайы (РК) чектөө менен. Бул жерден Казакстандын аймагы аркылуу өткөн жүк ташуучу унаалар гана өтө алат. Ошондой эле бул өткөрүү пункту аркылуу эки өлкөнүн жарандары өз мекенине кайта алышат.

Чек ара кызматы Казакстанда жүргөн Кыргызстандын жарандары бул өткөрүү пункттары аркылуу мекенине ээн-эркин кайта ала турганын белгиледи. Ошондой эле жол менен казакстандыктар өз мекенине кете алышат.

Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттарында адамдардын жана транспорт каражаттарынын топтолушу катталган жок.

Эскерте кетсек, казак тарап Бирдиктүү маалымат тутумунун иштебегендигине байланыштуу адамдардын, транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн өтүүсүн убактылуу токтоткон болчу.

Copyright © 2017 Maral FM