Биз менен байланышыңыз

Президент Бекназаровду Малайзияга элчи кылып дайындады

Кыска кабар | 26 Дек 2019 | 722 | 0

Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчысынын дагы бир жарлыгы менен Абдилатиф Жумабаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Бириккен араб эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Данияр Мукашев Кыргызстандын Сан-Маринодогу Элчиси болуп дайындалды. Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзия өлкөсүндөгү элчи кызматына дайындалды.

Жарлыкка ылайык, Данияр Мукашев Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы, Италия Республикасындагы, Лихтенштейн Княздыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Швейцария Конфедерациясынын Женева шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Сан-Марино Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Copyright © 2017 Maral FM