Биз менен байланышыңыз

94 жаштагы премьер-министр дагы 3 жыл иштей турганын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Сен 2019 | 1009 | 0

Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад кийинки жылы мөөнөтүнөн эрте отставкага кетери жарыяланганы менен аталган орунду дагы 3 жыл башкарууга даяр. Бул тууралуу ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын кезектеги сессиясында билдирди.

«2023-жылы өтө турган жалпы шайлоого карата кызматтан кетем. Ага чейин менде 3 жыл бар», — деди премьер-министр.

Ошондой эле, «отставкага кетерине аз эле убакыт калгандыктан күнүнө 18 сааттан иштеп жатканын» кошумчалады.

Ал премьер-министрлик кызматка 1981-жылы келген. Малайзиянын 4-премьер-министри болуп шайланган Махатхир Мохамад 2003-жылга чейин аталган кызматты аркалаган. Ошол жылдардагы Британияда окубаган, падышалык үй-бүлөгө тиешеси жок алгачкы Өкмөт башчы болгон.

Малайзиядагы ири партияны жетектейт жана жемкордукка каршы күрөшкөн, бир топ чиновниктердин санын кыскартууга жетишкен эң таасирдүү саясатчылардан. 2018-жылдын 10-майында премьер-министрлик кызматка кайрадан шайланган.

Кошумчалай кетсек, жыл сайын уюштурулуучу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясы Нью-Йорк шаарында 24-30-сентябрь аралыгында өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM