Биз менен байланышыңыз

Мухаммед Салах жаныбарларды коргойт

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 825 | 0

Египеттик атактуу футболчу, англиялык «Ливерпулдун» чабуулчусу Мухаммед Салах өлкө бийлигинин жолбун ит-мышыктарды сыртка чыгарып, экспорттоо тууралуу чечимине каршы чыкты. Ал  аталган айбанаттардын барган өлкөдө союлуп, эти тамак катары колдонулуусу ыктымал экенин айтууда.

«Иттер менен мышыктар Египеттен чыгарылышпайт. Мындай болуусу мүмкүн эмес!», — деп өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазды. Ошондой эле жаныбарлардын укугун коргоочу уюмдар да муну катуу сынга алышты.

Бул чуу мамлекеттин Айыл чарба министрлиги айыл-шаарлардын көчөлөрүн каптаган кароосуз жаныбарлардын санын азайтуу максатында өлкөдөн 4000 ит-мышыкты экспорттоо тууралуу чечимди жактырганын социалдык тармактан билдиргенден тарта күч алды. Ушул апта жергиликтүү Аль Масру басылмасы министрлик 2400 кароосуз мышык менен 1600 жолбун итти экспорттоо боюнча тийиштүү документтерди даярдаганын жазып чыкты. Анын артынан аталган министрликтин маалымат кызматы сыртка алып чыгылчу айбанаттар эмдөөдөн өтүп бүткөнүн тастыктаган.

Мухаммед Салах социалдык желелердеги каршылык акциясына катышып, #notoanimalrightsviolations (жаныбарлардын укугун тебелөөгө каршыбыз) хештеги менен жазган билдирүүлөрүн өлкөдөгү жана дүйнө жузундөгү күйөрмандары колдоп, жайылтышууда.

Ал эми Египет өкмөтү өз дарегине айтылган сындарды негизсиз деп баалады. Бирок парламент депутаты Надия Генри бул маселени кароо боюнча мыйзам чыгаруу органына сунуш киргизди.

 

Copyright © 2017 Maral FM