Биз менен байланышыңыз

Египетти 30 жыл башкарган Мубарак көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 733 | 0

Египетти 30 жыл башкарган мурунку президент Хосни Мубарак каза болду. Ал майда 92 жашка чыкмак.

Мубарак 1981-жылдан 2011-жылга чейин өлкө башында турган.

2011-жылы «Арап жазы» деген аталыш алган узакка созулган көтөрүлүштөн соң бийликтен кетүүгө мажбур болгон. Апрелде камалган Мубарак жемкордукка, нааразычылык акциясындагы катышуучулардын өлүмүнө жана тыңчылыкка айыпталып, 2012-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган.

Бир нече ирет өткөн соттук отурумдан соң, тагылган айыптар негизсиз болуп, кассациялык сот 2017-жылы 88 жаштагы экс-президентти актап чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM