Биз менен байланышыңыз

Белгилүү теле алып баруучу Ларри Кинг көз жумду

Кыска кабар | 24 Янв 2021 | 811 | 0

Америкалык белгилүү теле алып баруучу Ларри Кинг 23-январдын кечинде 87 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жылдын башында ал коронавирус жуктуруп ооруканага жаткырылган. Кинг өзүнүн жаңычылдык ишмердүүлүгү үчүн «Эмми» сыйлыгына татыган. Анын «Ларри Кинг Лайв» шоу программасы телевидениенин тарыхында алып баруучусу өзгөрбөгөн узак көрсөтүү катары Гиннес рекорддор китебине кирген.

Copyright © 2017 Maral FM