Биз менен байланышыңыз

Дипломат Эрик Асаналиев дүйнө салды

Кыска кабар | 13 Сен 2020 | 990 | 0

Дипломат Эрик Асаналиев кечээ 12-сентябрь күнү дүйнө салды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат таратып, Асаналиевдин жакындарына көңүл айтты.

Эрик Асаналиев 1959-жылы 2-майда Ысык-Көл облусундагы Ак-Булуң айылында туулган. Ал мамлекеттин тышкы саясаттагы кызыкчылыктарын 1994-жылдан баштап коргоп баштаган. Анда ал ТИМдин Өзгөчө тапшырмалары боюнча элчиси болуп баштаган.

1997-2001-жылдары Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, андан кийин Литва менен Латвиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп эмгектенген. Аны менен Асаналиев КМШнын уставдык жана башка органдарына караштуу КРнын Туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Асаналиев Кыргызстандын кызыкчылыктарын тышкы саясатта татыктуу коргоп, өлкө аброюн алдыга жылдыра алганы менен өзүн тажрыйбалуу жетекчи жана дипломат экенин көрсөтө алган.

Ал буга чейин «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук уюмунун төрагасы болуп, коомдук иштерди активдүү жүргүзүп келген. Дипломат акыркы убакта оору менен күрөшүп келгени айтылат. Анын сөөгү Түп районунун Маяк айылында жерге берилет.

 

Copyright © 2017 Maral FM