Биз менен байланышыңыз

Египетте өзгөчө кырдаал режими үч айга узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 727 | 0

Египеттин президенти Абдел Фаттах ас-Сиси жарандардын коопсуздугуна жана ден соолугуна болгон коркунучтан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал режимин үч айга узартты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«28-апрелден тартып Египетте үч айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланды, министрлер кабинетинин билдирүүлөрүн карап чыгып, жарандардын коопсуздугу жана ден соолугуна байланыштуу коркунучтуу шарттарды эске алуу менен жогорудагыдай чечимге келдик» , — деп айтылат президенттин жарлыгында.

Чечимге ылайык, Куралдуу күчтөр жана полиция терроризмге жана аны каржылоого каршы туруу үчүн, жеке жана коомдук мүлктүн коопсуздугун көзөмөлдөп, жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык күчүн жумшайт.

Жарлыкка ылайык, Египеттин премьер-министри Мустафа Мадбули Синай жарым аралынын түндүгүндө жайгашкан аймактарда саат 19:00дөн 06:00гө чейин коменданттык саат киргизилгендигин жарыялады. Учурда Египетте саат 21: 00дөн 06:00гө чейин коменданттык саат болот.

Өлкөдө өзгөчө кырдаал режими президент тарабынан 2017-жылдын апрелинде Танта жана Александриядагы эки кол салуудан кийин киргизилген. Андан кийин террористтер Египеттин чиркөөлөрүнө кол салып, 50дөн ашык адамды өлтүрүп, алардын 100дөн ашууну жарадар болушкан.

Ушул тапта Египетте коронавирустун 4782 учуру катталып, 1200дөн ашуун адам айыгып, 337 адам көз жумган. Ички жана эл аралык жүргүнчү каттамдар токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM