Биз менен байланышыңыз

Бангладеш рахинжа-мусулмандарын байма-бай суу ташкыны болуучу аралга көчүрүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 960 | 0

Бангладеш өкмөтү рахинжа-мусулмандарын байма-бай суу каптоочу Бхасан-Чар аралына көчүрүүдө.

Арал Бенгал булуңунда жайланышкан. Өкмөттүн белгилешинче, бир нече миң рахинжа ал жерге көчүп барууга макул болушкан. Аралга жалпы 100 миң мусулман көчүрүлмөкчү. Учурда алар Кокс-Базар шаарында жайланыштырылган.

“Биз көчүрүүнү кийинки айдан баштайбыз. Качкындар акырындап көчүрүлөт. Учурда биздин бюро каалоочулардын тизмесин түзүүдө”,- дейт мамлекеттик кызматкерлеринин бири.

Укук коргоочулар Бангладештин бул чечимине тынчсыздануусун билдирген. Арал бир нече ирет суу астында калган. Андан сырткары, Бангладештен узакта жайгашкан.

2017-жылы Мьянмада рахинжалар жана өкмөт аскерлери ортосунда тирешүү башталган соң 700 миң рахинжа Бангладешке качкан. Аскерлер 1 жыл ичинде 20 миң мусулманды өлтүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM