Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң чоң мечиттер [ФОТОБАЯН]

Блог | 9 Апр 2019 | 4798 | 0

Дүйнөдөгү эң чоң жети мечит тууралуу кызыктуу маалыматтар жана фотолор: 

7. Шейх Заййед мечити. Абу-Даби, Бириккен Араб Эмираттары

Мечиттин аты мамлекеттин биринчи жетекчиси Заййедиибн Султан Нахаяндын ысымынан аталган. Курулуш иштери 1996-жылы башталып, 12 жылга созулган. Мечиттин расмий ачылышы 2007-жылы Рамазан айында болгон. Мечитте 40 миң адам бир убакыттын өзүндө намаз окуй алат. Бул жайда салынган килемди миң киши бир жыл токуган. Имараттын сырты мрамор менен кооздолуп, күндүзү ак жана алтын түстө болсо, кечинде башкача өңгө кубулуп турат. Жалпы аянты — 22 миң чарчы метр.

6. Хасан II мечити, Касабланка, Мараккеш

Фото: Shutterstock

Мараккештин Касабланка шаарындагы бул мечит 1986-1989-жылдары курулган. Ал эми 1993-жылы ишке берилген. Мечиттин мунарасынын бийиктиги — 210 метр. Жалпы аянты 9 гектарды ээлейт. Мечит 105 миң адамдын намаз окуусу үчүн ыңгайлаштырылган. Бул мечиттин дагы бир өзгөчөлүгү: курулуш иштери жалаң кайрымдуулук жана түшкөн садаканын эсебинен бүткөн. Жалпы бюджети 800 млн. доллар деп айтылат.

5. Эркиндик мечити. Жакарта, Индонезия

Фото: expedia

Дүйнөдөгү эң көп мусулман жашаган Индонезия 1949-жылы эгемендүүлүккө жетишкен. Ошол жылы чоң мечит салуу идеясы айтылып, ал 1961-жылы ишке ашкан. Мечиттин курулушуна демөөрчүлөр жардам берген жана мечитке түшкөн садакалар да курулуш иштерине колдонулган. Эркиндик мечити 120 миң адамга ылайыкташтырылган.

4. Фейсал мечити. Исламабад, Пакистан

Фото: Wikipedia
Фото: muslim.uz

Дүйнөдөгү эң чоң мечиттердин арасында төртүнчү орунда турган Фейсал мечитинин мунарасы — 90 метр. Анын курулушу 1976-жылы башталып, 1986-жылы аяктаган. Жалпы аянты беш миң чарчы метр жана 300 миң адам батат. Имараттын көрүнүшү салттуу мечиттерге окшобогондуктан, көп сындарга кабылган.

3. Имам Риза мечит-комплекси.  Мешхед, Иран

Фото: travelask.ru

Бул чоң комплекс шиаларга таандык болгону үчүн көпчүлүк мечиттер катарына кошпойт. Анткени, бул жер сыйынуучу (мечиттин өзүнө) жана туристтик жай катары да колдонулат. Комплекс жылына 15-20 млн. туристти кабыл алат. Ошондой эле 700 миң киши бир убакта намазга жыгыла турган аянтка ээ.

2. Пайгамбар мечити (Масжид ун-набий), Медина, Сауд Аравия

Фото: Wikipedia

Бул Медина шаарында жайгашкан мечит — Мухаммед пайгамбардын  мечити болуп саналат. Анын курулушунда пайгабар өзү катышкан деп айтылып келет. Мечиттин ичинде Мухаммед пайгамбар, Азирети Абу Бакр жана Умар ибн Хаттабдын кабыры жайгашкан. Мечит кийинчерээк Азирети Умар жана Усман тарабынан бир нече ирет оңдолуп, кеңейтилген. Мечиттин 105 метрден турган эки, 75 метрден турган төрт мунарасы бар. Өзү ачылып жабыла турган 27 чатыры жана 400дөй устуну бар. Аянты 100 миң чарчы метр жана бир миллион адам бир убакта намаз окуса болот.

1.Аль-Харам мечити. Мекке, Сауд Аравия

Дүйнөдөгү эң чоң мечит. Жалпы аянты 400 миң чарчы метр. Анда 1,1 млн адам намаз окуса болот. Ажылык сапары учурунда бул мечитте намаз окугандардын саны 4 миллионго чейин жетет. Каабанын эшиги 280 килограммдык таза алтындан жасалган. Ар биринин бийиктиги 90 метрден турган тогуз мунарасы, төрт башкы дарбазасы жана кырк бир эшиги бар.

Ал эми Борбор Азияга келе турган болсок, Кыргызстандагы «Имам Сарахсий» атындагы мечит эң ири болуп саналат. Түркия менен биргеликте салынган бул мечитте 20 миңге жакын адам намаз окуса болот.

Казакстандын борбору Нур-Султандагы «Азирети Султан» мечити 5 миң адамга ылайыкташтырылган. 11 гектар жерге курулган бул мечиттин жалпы аянты 11 миң чарчы метр.

Ал эми Өзбекстанда болсо «Хазрети Имам» мечити эң ири болуп саналат.

Тажикстанда болсо, учурда 120 миң кишиге ылайыкталган эң ири мечиттин курулушу жүрүүдө. Дүйшөмбү шаарында салынып жаткан бул мечит ушул жылы ишке берилет. Анын курулушу 2009-жылдан бери уланууда. Ага Катар өлкөсү демөөрчү болгон.

(Борбор Азиядагы эч чоң мечит болору күтүлүп жаткан имараттын эскизи)

(Курулуш иштери жүрүүдө (Тажикстан. Дүйшөмбү)

Copyright © 2017 Maral FM