Connect with us

Казакстанда Өзбекстандын колдоосу менен мечит курулуп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 787 | 0

Казакстандын түштүгүндө, Түркстанда, 5 миңден ашык адамга ылайыкталган чоң мечит курулуп жатат.

Kazinform маалымдагандай, былтыр пайдубалы түптөлгөн мечит Өзбекстандын Түркстанга белеги болуп саналат.

Облустун губернатору Өмүрзак Шукеев шаардын кире беришиндеги мечиттин курулушу менен таанышты.

«Дүйнө жүзүнүн мыкты тажрыйбаларын чагылдырган архитектуралык комплекстин ички жана сырткы көрүнүшү чыгыш стилинде кооздолгон. Бул уникалдуу долбоор Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан колдоого алынган. Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору — Түркстан шаарында курулуп жаткан мечиттин жалпы аянты 5000 чарчы метрди түзөт. Мечиттин сыртында 3000 адам намаз окуй алат», — деп айтылат билдирүүдө.

Архитектуралык комплексте мусулман жөрөлгөлөрүн өткөрүүчү жайлар, конгресс-холл, той сарайы, 180 орундуу медресе, китепкана, ашкана, спорт аянтчасы, 500 унаага ылайыкталган унаа токтоочу жайы жана фонтан болот.

Түркстан облусунун борборунда бир нече объекттердин курулушу аяктап жаткандыгы белгиленди. Алардын көпчүлүгү ички жасалгалоо, коммуналдык кызматтарды орнотуу жана тышкы көрктөндүрүү иштеринен өтүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM