Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандагы мечит, синагога жана чиркөөлөрдүн саны

Коом , Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 721 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда каттоодон өткөн Исламий багыттагы 2669 мечит, 112 медресе, 11 жогорку окуу жай, иудачылардын 1 синагогасы, 1 Будда храмы, 1 Жахаба күбөлөрүнүн борбору жана Христиан динин тутунгандардын 233 чиркөөсү, 10 диний окуу жайы бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов маалымдады.

Ал мындан сырткары мечит, чиркөө жана ушул сыяктуулардын курулуш иштери  боюнча атайын талаптар бар экенин белгиледи. Ошондой эле, атайын мамлекеттик органдар жер маселеси, тазалык жана өрт коопсуздугу боюнча көзөмөл жүргүзөрүн кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM