Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан ЕАЭБге кириши мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 1017 | 1

Өзбекстан ЕАЭБге кошулушу мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын Федерациялык кеңешинин спикери Валентина Матвиенко билдирген.


Өзбекстан инвесторлорго өзгөчө виза ачты


Матвиенконун айтымында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Евразиялык Экономикалык Биримдигине кирүү ниети бар.  Мындан улам, Матвиенко Өзбекстандын ЕАЭБге кошулуусун эң туура чечим деп баалаган. Ошондой эле орусиялык спикер бул демилгени тезирээк ишке ашыруу үчүн эки өлкөнүн парламентарийлери да ыкчам аракет жасашы керек деп кошумчалаган.

Бирок, Өзбекстандын ЕАЭБге кирүүсү тууралуу жергиликтүү басылмаларда азырынча эч кандай маалымат чыга элек.


Өзбекстан алдыңкы 20 реформатор өлкөнүн катарына кирди


 

Copyright © 2017 Maral FM