Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан алдыңкы 20 реформатор өлкөнүн катарына кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2019 | 694 | 0

Бүткүл дүйнөлүк банк «Бизнес жүргүзүү» боюнча 20 өлкөнүн жетишкендиктеринин эл аралык рейтингин чыгарды. Тизмеге Өзбекстан дагы киргендигин аталган өлкөнүн Адилет министрлиги билдирген.

Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Өзбекстан акыркы убактарда миноритардык инвесторлорду коргоону күчөтүп, салык системасын жөнөкөйлөтүп, түзүлгөн келишимдерди сактоо боюнча чараларды ишке ашыруу менен тышкы соода-сатык мамилелерде кыйла ийгиликтерге жетише алган.

Мындан тышкары, соода уюмдарынын башкармалыктарына көз карандысыздык боюнча жаңы талаптарды белгилеп жана аудит боюнча комитеттердин ролун бекемдеген.

Ошондой эле, Улуттук банк салык реформаларына, укуктук бирдиктүү базанын түзүлүшнө, медиация институттарын өнүктүрүүгө ташталган кадамдарды жана ишкердикке байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштарды чечүү механизмдерин ишке ашыруусуна артыкчылык берип, өнүгүү үчүн кабыл алынган кадамдар катары тааныган.

Мындан тышкары, бажы тармагына сапаттуу жаңы бажы контролунун тартибин киргизген деп баса белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM