Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионаты: Айсулуу мексикалык атаандашын таза артыкчылык менен утту

Кыска кабар , Спорт | 19 Сен 2019 | 1815 | 0

Кыргызстандык балбан кыз, Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 19-сентябрда Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионатта биринчи беттешин жеңди.

62 кило салмакта күч сынашкан балбан кыз 16/1 финалда мексикалык Алехандра Ромеро Бонилла’ны 8:0 эсебинде утуп алды.

Айсулуу эми жарым чейрек финалда япониялык Юкако Каваи менен күрөшөт.

Ушул күндөрү спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдеште биринчиден бешинчи орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет. Беттештерди «unitedworldwrestling.org» сайты түз алып көрсөтүп жатат.

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Copyright © 2017 Maral FM