Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Кыска кабар | 19 Сен 2019 | 2620 | 0

Кыргызстандык балбан кыз, Азиянын үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 19-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында жарым финалда Түндүк Кореялык атаандашы Чон Сим Римди 7:0 эсебинде утуп, Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Кыргыздын балбан кызы чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук’ту 9:6 эсебинде утуп алды.

Ушул күндөрү спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын баш калаасы Нур-Султан шаарында өтүп жатат. Мелдеште алдыңкы беш орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиадага жолдомо берилет. Беттештерди «unitedworldwrestling.org» сайты түз алып көрсөтүп жатат.

Кошумчалай кетсек, Дүйнө чемпионатынын финалы эртең, 20-сентябрда болот.

Copyright © 2017 Maral FM