Биз менен байланышыңыз

Ильяз Андаш: Тогуз ай бизнесте жүрдүм

Көңүл ачуу , Шоу-бизнес | 17 Сен 2019 | 110 | 0

Тогуз ай бизнесте жүрдүм. Бул тууралуу ырчы Ильяз Андаш «Марал» радиосунун «Марал-шоу» программасына маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жеке бизнесине байланыштуу элге «көрүнбөй», жаңы чыгармалардын үстүндө иштебей калган. Учурда бизнесин жолго салып, эми чыгармачылыкка белсене киришип турган учуру.

Чү дегенде эле, кезинде Султан Садыралиев ырдап чыккан «Жөнөкөй жигит» аттуу ырга жаңы өмүр берүүдөн баштаптыр. Ал тургай, актер, режиссер Эркин Эгембердиевдин режиссерлугу астында тарбиялык мааниси терең клип тарттыруу алдында турат. Ошондой эле, андан башка да беш ырдын үстүндө иштеп жатканын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM