Биз менен байланышыңыз

Селена Гомес музыкалык карьерасын токтотот

Америкалык ырчы жана актриса Селена Гомес жергиликтүү басылмага берген маегинде музыкалык карьерасын жыйынтыктагысы келгенин айтты.

АКШда хит-параддардын сап башында турган үч студиялык альбомдун ээси, 28 жаштагы поп-жылдыз мунун себебин көрүүчүлөрү татыктуу сый-урмат көрсөтпөй жатканы менен түшүндүрдү.

«Адамдар ырчыга олуттуу мамиле кылбаса, ыр жаздырууну улантуу кыйын. Мен эмне үчүн бул нерсени улантышым керек?» — дейт Гомес.

Ырчы буга чейин чыгарган эң мыкты ыры «Lose you to love me» (2019) болгонун белгиледи. Ал кино жана телекөрсөтүү тармагына көбүрөөк убакыт бөлүүнү каалап, айрыкча ушул жактан ийгиликтерди багындырарын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM