Биз менен байланышыңыз

Айчүрөк Иманалиева: Азыр мени үй, машина, бизнес кызыктырбайт

КР эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасына келип, чыгармачылык чыйыр жолундагы кызыктуу учурларын айтып берди.

Чыгармачылыктын башаты — 1990-жыл

— 1990-жыл — чоң сахнага кадам таштап, чыгармачылыктын даамын сезип баштаган мөмөлүү мезгилим болду. Ал жылдары «Роза гүлү», «Кызыл гүл», «Ак куу белең, айперим?», анан «Комузчу», «Жалжалым» деген элдик ырларды ырдап чыктым.

Апамдын эркелеткенин күтөр элем

— Кичинекейимде эрке болгон жокмун. Апам ден соолугуна, жумушуна байланыштуу мени таята-таенемдин колуна таштап кеткен экен. Алар улгайып калгандыктан: «Бага албайбыз», — деп, башка эжелериме беришкен. Кийин кайра эле тайларымдын колуна келдим. Турмуштун катаал учурларында: «Бетимден өөп, чачымдан сылаган энем жанымда болсо», — деп кайгырган күндөрүм болгон.

Бала кездеги токтобогон учкул ой менен стюардесса, балерина, дирижер болгум келчү. Кудайдын буйругу экен, эстрада ырчысы болуп калдым. Атам: «Бибигүл Төлөгөновадай опера ырчысы болсоң экен», — деп көп айтчу. Негизи, улуулардын сөзүн угуш керек экен. Кээде өкүнүп калам.

Көп нерседен корком

— Жашоодо кубанычтуу күндөрүм — балдарымдын төрөлүшү. Ошондой эле чет өлкөлөрдөгү конкурстарга катышып, сыйлыктарга ээ болгон күндөрүмдү эстейм. «Жакшы-жаман эриш-аркак жүрөт» демекчи, адам баласы түбөлүк жашоочудай болуп, туура эмес нерселерди жасап коюшубуз мүмкүн. Жараткандан суранганым, бардыгын жеңилинен берсин!

Эл менен биз баркталып келебиз

— Биз ар бир айылдын маданият үйлөрүндө, талаа-түздө фонограммасыз ырдап, элдин жан дүйнөсүнө руханий азык толтурчубуз. Эгерде ырчынын угарманы, күйөрманы жок болсо, анда ырдап эмне кереги бар?! Элдин алкоосу менен гана биз сахнадан, чыгармачылыктан алыстабай келатабыз. Бирок гастролдоп жүрүп, ден соолукту да жоготуп алдык.

Жаш таланттар классика, фольклор багытына басым жасашса

— Мурда эстрада ырчыларына башкача мамиле, көз караш бар болчу. Бул дале калбай келет. Азыр жаштарга  айтар элем, эгерде ушул тармакта талантын өстүрөм дешсе, анда классика, элдик фольклор багытына басым жасашсын. Анткени дүйнө кыдырып, талантын таанылтууга — бул тармак абдан жакшы. Мурда азыркыдай интернет, социалдык тармак жокко эсе болчу. Ага карабастан, «Маданиятыбызга аз да болсо салым кошолу», — деп аракеттенип жүрдүк. Азыр мени заңгыраган үй, машина, дагы башка чакан бизнестер кызыктырбайт. Элим үчүн ырчы катары 40тан ашык өлкөгө барып, катышып келген эмгектерим калат.

Ар бир иштин жеңиши — тарбияда

— Үй жумуштарынын баарын өзүм кылам. Тамакты түрлөп, аябай даамдуу жасайм. Мени тарбиялаган улуулар: «Жуулбаган идишти эртең менинкиге чейин калтырба», — деп көп айтышчу. Ар бир ишиңди кынтыксыз жасап турсаң, жеңиш сен тарапта болот.

Copyright © 2017 Maral FM