Элдин калың катмарына 16 жашынан таанылган көп кырдуу талант, актер, режиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бусурман Одуракаевдин чыгармачылыктагы жазылган чоң китебин «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасында чогуу барактайлы.
Бусурман агай, сиздин көз карашыңызда жаздын башка мезгилдерден айырмачылыгы кандай?
Кыштын суугунан тажап, жаз мезгили келгенде айлана өзгөрүп, жылуулук байырлап, өзгөчө чыгармачыл инсандарга эргүү тартуулайт. Жаратылыш менен жуурулушуп, жакшы маанайга ээ болосуң.
Ар өнөрдү аркалап, талантыңызды ар тармактан ачып берүүгө дайыма дилгирленип келесиз. Ал эми актерлукка качан, кантип аралашып калдыңыз?
6-7-классымда ыр жазчумун. Мектептеги дубал газетага редактор болуп, ырларым чыгып турчу. Өзүмдү акынмын деп эсептей албайм. Балалык учурдагы бир сонун эргүү десем болот. Анткени ошол доордо таланттуу балдарга өзгөчө шык берип, колдоо маселеси абдан күчтүү болчу. Айылыбызда «Беш-Таш кайрыктары» деген виа-вокалдык-инструменталдык ансамбль уюштурулуп, ага мен ыр жазып, жетекчибиз Кайнарбек Бийлибаев обон чыгарган. Бул тармакта 3 жылдай иштеп, кийин спорт жаатына ооп кеттим. Анан актер болуу кыялымда бар болчу. Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы студияга тапшырып, 2 жыл окудум. Кийин Тбилисидеги Шота Руставели атындагы Театр жана кино институтуна тапшырам деп жатып, бирок Алматыдагы Театр жана кино институтунун актердук чеберчилик жана режиссура кафедрасына өтүп кеттим. Эң сонун мезгилим студенттик күндөр болду. Көңүлүмө жаккан окууну окудум. Стипендия өзүмө кенен жетчү. Бул учурду эстөө — мага абдан жагымдуу. Окуунун аяктагандан кийин келечекке ишенимдүү кадам таштагам.
Спорттун кайсыл түрү менен машыктыңыз?
Менин тандоом жеңил атлетика болчу. 4 метр алыстыкка секире алчумун. Кийин баскетболго кызыгуум артып, команда түзүп, мелдештерге барып жүрдүк. Андан соң бокс менен 2 жылдай машыгып жүрдүм. Ал эми Алматыда каскадерлукту да өздөштүрдүм.
Чыгармачылыкка 16 жашыңыздан аралашып баштаптырсыз. Дебюттук ролуңуз кайсыл болду эле?
Бир күнү эле Төлөгөн Сыдыков деген режиссер келип, «Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кыямат» деген чыгармасын «Акбаранын көз жашы» деп атап, Ошто Дооронбек Садырбаев кино тартып баштады. Арсен Өмүралиев жана сен дагы тартыласың», — деп, бизди Алайга алып кетти. Ошондогу аткарган комсомолдун секретары эпизоддук каарманым биринчи дебютум болду. Кийин Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» повестинин негизинде Бакыт Карагулов тарткан «Куш өмүр» тасмасынын баш каарманы дезертир Ысмайылдын ролу менен таанылдым.
Совет учуруна туш болгон балалык мезгил кандай өттү эле?
Ал учур — эң сонун кез. Жетишпеген учур болгон. Бирок, көңүл, көөдөн ток болчу. Жумушсуз эч ким калган эмес. Көп балалууларга башкача мамиле жасап, кам көрчү. СССРдеги киргизилген окуу программасы да дүйнөгө кеңири таанылган.
Адам баласы өзүн кадырлап-барктап, сыйлап турушу керек экен. Өзүңүзгө сырттан кандай баа бересиз, кайсыл мүнөз, сапатыңызды жактырасыз?
Бирөөгө эч жамандык кылбайм. Колумдан келсе, жакшылыкты аябайм. Анан адам баласы өзүн-өзү сыйлап, карашы керек. Ошондо гана өзгөгө сый-урмат көрсөтө аласың. Ак көңүлмүн, анын запкысын тартып келем. Учурунда катуу деле болуп коюу керек экен. Чет өлкөлөр өткөргөн театр, кино фестивалдарда калыстыгымды айтып, көп эксперт болуп жүрөм. Бетке айтып алып, кайра көп өкүнүп калчу болдум. Чындык ачуу болот да. Азыр, саясат, театр, кино, акын-жазуучулар арасында кызмат, роль талашуу абдан чоң. «Ал чөйрөнү тааныбаган кызматка келип алып, андан ары жөндөп кете аламбы?» деген ой жок көпчүлүгүндө. Эмне себептен ошол орунга келгенин билишпейт. Ошондой эле көрүнүш театрда, кинодо да бар. Мисалы, ар бир инсан актер болом деп берилген ролду жаттап, кайсыл жеринен күлүп, ыйлап аткарып кое алат. Бирок, образ жаратуу деген башка кеп да. Багытты тандап аларда ар ким өзүнүн деңгээлин билиши керек. Эгер ал тармактын адамы болбосо, ошол чөйрөнү курутуп бүтөт.
Театр тармагына да баш баксак. Сиз өз учурунда күчтүү ролдорду жаратыптырсыз. Тандоо ким тараптан болот?
Мурдагыга салыштырмалуу, театрдык ансамблдер жанданып баштады. Мен жашоомдо театрдан да, кинодон да атайын роль сураган эмесмин. Бул да болсо, актердук чеберчиликтин арты менен болсо керек.
Адам баласынын ой-кыялы күлүк болот эмеспи. Кыялыңызда жашаган каарман…
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романынын негизинде өзүм сценарий жазып жатам. Ошол жерде журналист Арсен Саманчинин ролун ойногум келет. Ал каарман менин мүнөзүмө ылайык, көп окшоштуктар бар. Каарман өзүнүн эң таза сүйүүсү балеринага жетпей калат. Эң кызыгы, илбирстерди араптар атып, Арсен Саманчинге да ок тийип, бир үңкүрдө жарадар болгон илбирс экөө бири-бирин тиктеп жатып калат. Буюрса, сценарий аяктап калды. Эгер иш жүзүнө ашып калса, мени ушул ролдон көрө аласыңар. Анан белгилүү жазуучунун повестинин негизинде жазылган бир сценарий даяр турат. Аны азырынча айтпай турайын (күлүп).
Кино менен театр. Кайсынысы жан дүйнөңүзгө жакын?
Экөө тең жакын жана айырмасы бар. Мисалы, театрда бүгүн ролуңдун бир жерин туура эмес ойноп алсаң, анда башка күнү оңдоп койсоң болот. Илгери гастролго чыгып келгенде, ошол берилген ролду бышырып, ийнине жеткирип келчүбүз. Анткени күн сайын аткарып жатып, жатка билип каласың. Ал эми кинодо 1-2 дубль менен аткарганың сакталып калат. Кайра аткара албайсың. Ошончо топ жыйналып, кайра каражат таап тартпайт. Кээ бир учурда аябай бир зарыл болуп калса, ошол кебетең менен кийимди таап, кайсыл мезгилде тартыларын күтөсүң. Ал эми азыр технология барган сайын өнүгүп баратат. Андай каталарды оңдоп коюуга болот.
Башка да сизди кызыктырган кесип барбы?
Жаш кезимде ырдачумун. Азыр ал тарапка жан-дилим менен кирише элекмин. Режиссер, сценаристмин. Бала кезимде 5-класстагы жайлоодо болгон окуяны баяндаган «Саз» аттуу тасмам 2-3 эл аралык фестивалда «Мыкты режиссура» номинациясында баш байгени алды.
СССР учурунда маданият тармагы кандай эле?
1942-жылы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Фрунзеде Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» студиясы түптөлүп, ишин баштаган. Андан соң А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры түптөлгөн. Эми караңыздарчы, кандуу согуш учуру болуп жатса да, маданиятка кандай көңүл бурулган? 1988-жылга чейин 300дөн ашуун кинотеатр бар болчу. Азыр 37си эле калган. Баары каралбай, ижарага берилип, сатылып кеткен. Мурда сонун кыргыз кинолору тартылып, айлык кенен жетчү. СССРдин курамындагы 15 өлкөнүн ичинен наам алуу боюнча биз үчүнчү орунда турчубуз.
Азыркыларды маданияттын «жылаңач баатырлары» деп койсок болот. Жарыбаган маянага карабай, кино, театр тармагына салым кошуп келишет. Өзүм да балдарга сабак берерден мурда: «Сени ушул жакка келүүгө бирөө кыйнадыбы? Же өзүңдүн тандооңбу, кесип тандоодо адашып калган жоксуңбу? Бул жактын айлыгы аз, жата турган жериң жок, стипендия берилбейт. Өкмөт карабайт. Эми эмне кыласың?» — деп сурайм. Көпчүлүгү: «Өзүбүз келдик», — дешет. Демек, жокко чыдап, кесибинин күйөрманы болуп, артынан калбай, иштеп кетет.