Биз менен байланышыңыз

TikTok жылдызына айланган кыргыз кыздары(видео)  

Буга чейин социалдык тармактарда, айрыкча Tiktok платформасында кыргыз кыздарынын роль аткаруу менен бийлеп, ырдаганы желдей тарады. Анда орусиялык Gazan каймана аты менен белгилүү Константин Жуковдун Абубандит ырына видео тартып, кыска убакта көп көрүүчү таба алды. Заматта атактуу болуп кетери миллиондогон көрөрманы бар 3 кыргыз кызынын оюна да келген эмес. Алар «Кыргыз руху» фольклордук тобунун жетекчиси, Маданияттын мыкты кызматкери Орозбек Кашкаев жана КР эмгек сиңирген артисти, ырчы-аткаруучу Гүлназ Бекбосун кызынын кыздары экени кийин эле белгилүү болду. Биз талантка бай үй-бүлө менен интернеттен тапкан атактуулугу боюнча маек курдук.

Азада тасмадагы белгилүү 3 кыздын эң улуусу. Ал жогоруда айтылган таланттуу инсандардын улуу кызы. Алгач тиктоктон белгилүү болуп кетери алардын оюна деле келген эмес.

Бул идея ойдо жок жерден эле жаралып калды. Башында жөн эле жеке баракчаларга видео жүктөй берчүбүз. Кийин көрүүчүлөрдөн: «Өзүнчө баракча ачпайсыңарбы?» — деген сунуш түштү. Анан социалдык тармактардан жеке баракча ачып койгом. Негизи, мен оператор болуп эле экөөнү тартып киргизмекмин. Анан эле азыркы учурда популярдуу болуп жаткан видеобуз миллиондон ашык көрүүчү топтоп  кетти. Ошондон тарта бизди эл тааный баштады.

Азаданын бир тууган сиңдиси Айдана видео тартууга көп деле убакыт кетпейт дейт. Эргүү келген учурда эле дароо тартып коюшат. Аларда белгилүү болуу же контент даярдап, акча табуу деле ниети жок. Болгону бул иш жакканы үчүн кылабыз дейт.

-Биз: «Жылдыз болушубуз керек», — дегенден алыспыз. Катталуучуларды көбөйтүү же ушунун артынан акча табуу деген максатыбыз жок. Эң башкысы, жасап жаткан ишибиз өзүбүзгө жагат жана жасай беребиз. Көрүүчүлөрүбүзгө да учурдан пайдаланып, ыраазычылык билдиребиз. Анткени катталуучуларбыздын колдоосунун артынан ушул кыска видеолор тартылып, жарыкка чыгууда десем жаңылышпайм.

Тикток каармандарынын дагы бири Жеңишгүл да жогорудагы бир тууган таланттууларга тууган болот. Анын айтышынча, 3 тиктокчу кыздын күйөрмандары дайым жакшы пикирлери менен аларды кубантып турат.

-Көрүүчүлөрдүн дээрлик бардыгы жакшы пикирде. «Капа болуп жатканда маанайды көтөрдүңөр, кыздар, азаматсыңар!» — деп ыраазычылык билдиргендер арбын. Эми беш кол тең эмес да. Айрым бир учурда башка баракчалардан терс пикирлерди окуп калабыз. «Өтө эле жалжаңдаган кыздар экен», — деген сыяктуу пикирлерди айтып калышат. Биз аларга көңүл деле бурбайбыз. Көрүүчүлөрдүн маанайын көтөргөн видеолорду тартып, дагы да талыкпай эмгектене беребиз. Биз багындыра турган ийгиликтер али алдыда деп ойлойм.

Кыздардын атасы Орозбек Кашкаев, апасы Гүлназ Бекбосун кызы тартылган видеолорду электен өткөрүп, кенешин берип турушат. Алардын да оюн угуп көрдүк.

-Кыздарыңыздын онлайн талантын кандай кабыл алдыңыз?

-Кашкаев: — Социалдык тармакта жайгашкан кыздарымдын видеолорунун баары биздин электен эленип, сын-пикирден өтүп, анан жайгаштырылган. Алгач бизге көрсөтүшөт. Бирок видеону тартып жатканда: «Бул жерин мындай кылгыла, тигил жерин тигиндей кылгыла», — деп аралашкан жокпуз. «Өтө ашыкча кетпей, тамашалуу кылып, жакшы маанай тартуулагандай тарткыла», — дегенбиз. Акыркы мезгилде бир топ көрүүчү топтоп башташты. Кыздарым мындай видеолорду буга чейин эле тартып жүрүшкөн. Элге жагуу, эл оозуна алынып кетүү — өтө кыйын нерсе. «Силерге жакса, анан элге жагат», — деп кыздарым күлүп калышат. Булардын биринчи тарткан «Абу бандит» видеосу көп көрүүчү топтоп, жаңы идея жаратып, видеолордун тартылышына стимул болду десем жаңылышпайм.

-Үйдө ким жакшы бийлейт?

-Кашкаев:-Колдон келишинче жубайым экөөбүз тең элден калбай жакшы эле бийлейбиз. Көбүнчө жакшылыктарда элдин көңүлүн көтөрүп, бири-бирибизди бийге тартып калабыз (күлүп).

-Кыздардын кийген костюмдары, галстуктары кимдики?

-Кашкаев: — Кыздарым Гүлназ экөөбүз кийген кийимдерди алып чыгышыптыр. Анан тамашалап: «Башка бирөөлөрдөн алсаңар акча төлөмөксүңөр, көрүүчү топтоп алдыңар, эми мага да акча төлөп тургула», — деп күлүп калам.

Кыздарыңыз көбүнчө сизге жакын болсо керек? Кеңешип, пикириңизди угуп турушабы?

-Бекбосун кызы: — Ар бир тасмасына ийне-жибине чейин кийлигишпейм. Өздөрү көрсөтүшөт. Анан жеке пикиримди айтып коём. Улуу кызым — Азада, кичүүсү — Айдана, анан кайнагамдын кызы — Жеңишгүл. Үчөө үйдөн өздөрүнчө олтуруп, ар тармактуу видеолорду тартышат. Эми азыркы замандын, жаштардын талабы да. Анан өмүр бою бул тармакта кетишпейт. Чоңойгон сайын ой жүгүртүүлөрү өзгөрөт. Эң башкысы, жакшы бир кесиптин ээлери болуп, бактылуу болушса деген эле тилек.

-Кыздарыңыз бийлеп гана чектелбестен, ырдап да жүрүшөт. Келечекте кайсыл тармактан көргүңүз келет?

-Бекбосун кызы: — Кыздарымдын улуусу Азада кичинекейинен эле ырдайт. Атасы экөөбүз тең  башында каршы болуп жүрдүк. Өзүбүз жон терибиз менен сезген түмөн түйшүктү кызыма каалаган жокмун. Эгерде абдан талантың болсо, ал кайсыл кесиптин ээси болбосун, бир күнү сыртка чыгат. Акыркы учурда жакшылыктарда ырдап жүрөт. Анысына да атасы экөөбүз макулдугубузду бердик. Орус мектепте окугандыктан тартынбайт. Өжөр, эмгекчил, бир орунга турбаган кыз. «Биздин учур башка, силердин заман башка, алдыга койгон максатыңарга жеткиле», — деп мүмкүнчүлүк түзүп бергенге аракет кылабыз.

Кандай тарбия бересиз? Кыздарыңыз эркеби?

-Бекбосун кызы: -Кээде күлүп: «Мен айткандын жүз пайызы болбосо да, отуз пайызы эсиңерде калса, менин утушум — ошол», — дейм. Ар бир ата-эне балдарынын бактылуу болушун тилейт. Энелик тилегим, мээримим менен катар насаатымды ар дайым айтып турам. Кайнагамдын кызы Жеңишгүл да биздин үйдө үчүнчү жылы жашап жатат. Ага да кыздарыма айткан кеп-кеңешимди, энелик тарбиямды берип турам. Төрөлгөндөн тарта менин көз алдымда чонойгон кыз. Буюрса, жете турган ийгиликтери али алдыда деп ойлойм. Ал эми кыздарымдын арасынан кичүү кызым эрке. Атасы болуша берет. Атасынын эркеси (күлүп).

Copyright © 2017 Maral FM