Биз менен байланышыңыз

Шайлоого аттанган шоу-бизнес өкүлдөрү

Саясат , Шоу-бизнес | 4 Мар 2021 | 29108 | 0

11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтөт. БШК учурда 28 шаардык кеңешке талапкерлерди каттоо аяктаганын, ал эми райондук, айылдык кеңештерге талапкер каттоо 10-мартта аяктаарын кабарлады. Буга чейин да болуп келгендей, бул жолку шайлоодо да маданият, шоу-бизнес тармагынын кээ бир өкүлдөрү да талапкер катары аттанышты. Биз алардын айрымдары менен маектешип, пикирин сурап көрдүк.

Гүлзада Рыскулова, КР эмгек сиңирген артисти, ырчы

Мен бул жолку шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышып жатам. Алар өздөрү сунуштады. Мен да ойлонуп көрүп, макулдугумду бердим. Менин шайлоого чача турган ашыкча акчам жок. Өзүмдүн патриоттуулугум менен иш кылам деген ойдомун. Байкасаңыздар керек, чыгармачылыкта жан дүйнөмдө болуп жаткан нерсени ырларым менен чагылдырып келгем. Мекенчил сезимди сездире билген ырларым көп. Азыр ошол нерсени саясатка аралаштырып, элге жардам көрсөткүм келет. Ал эми кандай иштерди аткарарыбызды үгүттөө иштери башталганда тааныштырып, ошол мезгилде гана айтабыз.

Борончу Кудайбергенов, куудул, актер

Саясат — араб тилинен которгондо «туура жолго багыттоо» дегенди түшүндүрөт. Ал эми туура жолго багыттоо үчүн өзүң туура жолдо болушуң керек. Биздеги саясат көбүнчө элдин нараазычылыгы менен бүтүп жатканын себеби: баарыбыз чала саясатчыбыз. Бул да өзүнчө бир кесип, аны окуп үйрөнүү керек. Башка иштин баарын жыйыштырып коюп, элди туура жолго багыттоо менен алектенүү керек. Ал эми шоу-бизнестин өкүлдөрү кайсыл бир партияга кошулуп жатса, анын эки себеби бар: биринчиси, ал мурун эле ушул нерсени ойлонуп, элдин турмушун көрүп билип, ошол нерсени оңдогусу келип, ушул жаатка барсам, элге жардам бере алам деп келет; экинчиси, бат эле саясатка аралашып калса, анда партия жетекчилери атактуу чыгармачыл адамды өзүнүн партиясын жарнама кылуу үчүн колдонот. Эл ошол атактуу адамдын аркасы менен партияны таанып, ал катышып жатса, «Чын эле жакшы партия окшойт», — деген ойго келиши мүмкүн.

Мен «Бирге» партиясы менен биргеликте шаардык кеңешке аттанып жатам. Жогорку Кеңешке да шайлоого барабыз деген үмүттөрүбүз бар. Баары Жараткандын колунда. Буюрса, депутаттыкка өтүп калсам, элге сиңип калган: «Көпүрө салып берем, арык казып берем», — деген убадаларды бербейм. Карапайым калкта кандай көйгөй болсо, ошолорду Жогорку Кеңешке көтөрүп чыгып, элдин ишеничин актаган адам болгонго аракет кылам. Бизде азыр «жаңы бир нерсе ачабыз» деп ызы-чуу кылып, ар ким ар кандай түшүнүп, ошол нерсе ишке ашпай калат. Кээ бир адамдар: «Артисттер жөн эле койбойсуңарбы?», — деп да айтышат. Бирок, уурулар, чет өлкөлүк адамдар келип, кыргыздарды башкарганча, артисттер барганы жакшыраак болот.

Курмангазы Азыкбаев, КР эл артисти, музыкант 

«Бетке айткандын заары жок» дегендей, эл электен өткөрүп алмайынча, кайра эле байдын балдары келе берет. Мен өзүм 1980-жылдан бери саясат тармагында жүрөм, Германияда «геополитик» болуп иштегем. Азыр андайлар жокко эсе. Баары эле ушак, сасык саясат болуп калды. Бул тарапка барарда, адам өзүнө собол таштап: «Мен киммин? Элиме ак кызмат кыла аламбы?» –деген суроолорго жооп бере алганды билиши керек. Эскини билип, бирок замандын агымынан калышпаган болушу зарыл. Азыркылардын 3-4төн диплому бар, жасаган көрүнүктүү иши жок. Бийлик бутактарына эл менен  жуурулушуп, эл менен мамиле түзүп, кыргыздын маданиятын, Манас атадан баштап, тарыхты кенен түшүнгөндөр келишин каалайм.

Райхан Абдувалиева, ырчы

«Чоң казат» партиясынан Жогорку Кеңешке шайлоого катышам. Максатым: эски чириген системаны талкалап туруп, келечекте коррупцияны жоюу жана люстрацияны алып келүү; Мекенин, элин ойлобой жеп-ичкен, Кыргызстанды ушундай акыбалга алып келген көпөстөр менен күрөшүү. Менин өзүм деле катыша турган оюм жок болчу. Бирок, «Райхан, сендей тыңдар барышы керек», — деп аялдар, кээ бир партиянын лидерлери колдоп жатышат. Ал эми жан дүйнөм Мекеним, элим-жерим үчүн согуп турганын сезбегендер: «Чыгармачылыгыңды эле өстүрүп, ырдап жүрө бербейсиңби?» — дешет. Мен буюрса, баш-отум менен саясатка аралаштым.

Булардан башка да өнөр адамдары талапкер катары аттанып жатканы маалымдалган. Тилекке каршы, баары менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок.

Copyright © 2017 Maral FM