Биз менен байланышыңыз

Черчиллдин сүрөтү 11,5 миллион долларга сатылды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2021 | 1108 | 0

Голливуд актрисасы Анжелина Жоли Улуу Британиянын мурунку премьер-министри Уинстон Черчилль тарткан сүрөттү рекорддук суммага — 11,5 миллион долларга сатканын «Christie’s» аукцион үйү социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

Черчилль АКШнын экс-президенти Франклин Рузвельтке өзү тарткан сүрөттү белек кылган. Жергиликтүү басылмалардын айтымында, бул саясатчынын Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда тарткан жалгыз сүрөтү болгон. Анда Марокко мамлекетинин Марракеш шаарындагы Аль-Кутубия мечитинин XII кылымдагы көрүнүшү чагылдырылган.

1943-жылы тартылган бул сүрөт Рузвельттен анын уулу, учкуч Эллиот Рузвельтке мураска калган. Кийинчерээк сүрөт колдон-колго өтүп, ар кандай көргөзмөлөргө коюлуп, 2011-жылы Жолинин үй-бүлөсү сатып алган.

Сүрөт башталышта 2,5 миллион долларга бааланган. Улам көтөрүлүп отуруп, акыры 11,5 миллион долларга токтогон. Анын Жолиден кийинки ээси ким болгону тууралуу маалымат белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM