Биз менен байланышыңыз

Жек Ма 55 жашта: Ал «Алибабанын» жетекчилигинен кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2019 | 802 | 0

«Алибаба» интернет компаниясынын түзүүчү жана жетекчиси Жек Ма бүгүн компаниянын директорлор кеңешине төрагалык кылуудан баш тартты. Бул тууралуу «Bloomberg» сайты жазды.

Учурдагы «Алибабанын» гендиректору Даниэл Жан Жек Манын ордун кошо эки жумушту айкалыштырып иштей турган болду.

Кытайдагы гигант технологиялар тууралуу жазылган китептин автору Ребекка Фанин Жек Маны «Кытайдын Стив Жобсу» деп атаган. Ошондой эле, компанияда анын ордун толукташ кыйын экендигин белгилеген.

Бүгүн 10-сентябрда 55 жашка толгон ишкер Жек Ма байлыгы 41,8 миллиард долларды түзүп, Азияда Мукеш Амбаниден кийинки орунда турат.

Илон Маск менен Жек Ма адамзаттын келечегин кантип элестетишет?

Copyright © 2017 Maral FM