Биз менен байланышыңыз

Илон Маск менен Жек Ма адамзаттын келечегин кантип элестетишет?

Блог | 3 Сен 2019 | 2536 | 1

29-августта Шанхайда Дүйнөлүк жасалма интеллект боюнча конференция болуп өттү. Кытайлык Alibaba компаниясынын түзүүчүсү Жек Ма менен Илон Маск компьютерлер жана биздин планетанын келечеги тууралуу кеп кылышты.

Жасалма интеллект тууралуу

Ишкерлер ортосундагы эң негизги карама-каршы пикир «Кимиси акылдуу: жасалма интеллектпи же адамдарбы?» деген суроодон улам жаралды.

Масктын ою боюнча, адамдар жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн  толук баалай беришпейт.

«Жасалма интеллект эң акылдуу деген адамдан да акылдуураак… Бул тармакты изилдөөчүлөрдүн эң чоң катачылыгы, алар өздөрүн акылдуу санашат. Бирок салыштырмалуу андай эмес. Алардын көпчүлүгү өздөрүнөн күчтүүрөөк, акылдуураак нерсени элестете алышпайт, антсе да жасалма интеллект алда канча акылдуурак болот… Бул жакшылыкка деп үмүттөнөм», — дейт Маск.

Жек Ма мындай пикирге кошулбай турганын билдирип, жасалма интеллект адамзатка коркунуч туудурбасын жана ал адамдарга өзүн жакшыраак түшүнүүсүнө жардам берерин айтат.

«Бүгүнкү күндө көптөгөн көйгөйлөргө чечим табыла элек, бирок эртең алар чечилет… Мен буга оң көз караштамын жана жасалма интеллект кооптуу же коркунучтуу деп ойлобойм. Адамда аны түшүнүп, аңдап-биле тургандай акыл бар. Учурда «коллеж акылдуулары» жасалма интеллектти кооптуу деп эсептеп, коркуп келишет. Ал эми биз — «көчө акылдуулары» эч качан коркпойбуз. Тескерисинче, кызыктуу болот деп ойлойбуз. Жасалма интеллект адамды башкарат деп айтып келишет. Бул мүмкүн эмес деп ойлойм«, — деген Жек Ма компьютерлер орнотулган чиптер аркылуу иштээрин, ал эми адамда акылмандыктын булагы болгон жүрөк бар экенин баса белгиледи.

А бирок Илон Маск мындай пикирге караманча каршы чыгып, «Биз абдан акылсызбыз, ошондой эле бизден да акылдуу нерсени жарата аларыбыз анык», — деди.

Мунун мисалы катары,  мындан 22 жыл мурун, тактап айтканда, 1997-жылы шахмат боюнча дүйнөлүк чемпион Гарри Каспаровдун компьютерден жеңилип калганын жүйө келтирет. Мындан улам компьютерлер көп нерседе адамдарга салыштырмалуу акылдуу экенин көрсөтө алды деген пикирин айтат. Ошондой эле жылдан жылга техникага караганда адамдар мыкты аткара алуучу интеллектуалдык тапшырмалар азайып баратканына токтолуп, «Жакында алар бизди бардык тараптан басып өтүшөт. Буга кепилдик берсе болот. Же ошондой болот, же цивилизация өнүгүүсүн токтотот», — деди.

Жек Ма ага жооп кылып, компьютерлер акылдуу болушу мүмкүн экендигин, бирок адамдар баары бир компьютерге караганда тапкыч жана зирек болорун айтты. Ошондой эле шахмат оюнунда компьютер менен жарышуу акылга сыйбаган көрүнүш экенин маалымдады.

«Бул жүз жыл мурда автоунаалар жаңыдан пайда болгондо, айрымдардын: «Мен мындан да бат чуркай алам», — деп талашканы сыяктуу эле кеп. Ал мүмкүн эмес да. Акмактар гана техника менен жарышышы мүмкүн», — деди.

Марска ээлик кылуу жөнүндө

Масктын пикири боюнча, адамзат көп планетага ыңгайлашуусу шарт, Жерден башка жакта да жашоо бар экенин баамдай билиши абзел. Себеби, Жер планетасы өзгөрүүгө дуушар болуу ыктымалы бар. Андыктан адамдар Марсты да ээлөөгө аракет көрүүсү зарыл.

Анын оюнча, адамдар сырткы күчтөрдүн же ички катачылыктардын натыйжасында башка планетада да жашай албай турган деңгээлде кыйроого учурашы мүмкүн.

«4,5 млрд жылдан бери жашап келген адамзат тарыхында биринчи жолу Жерден тышкаркы жашоону узартууга шарт түзүлдү. Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк болгон эмес. Бул ачылыш узак же кыска аралыкта ишке ашышы ыктымал. Биз муну мүмкүн болушунча тезирээк жасоого аракет кылышыбыз керек», — дейт Маск.

Жек Ма бул ойго макул эместигин, аны көбүрөөк Жер жана мында болуп жаткан нерселер кызыктырарын айтты.

«Албетте, Марска 1 миллион адамды жиберип койгон кызыктуу. Бирок «Канткенде жашоону жакшыртабыз?» — деп 7,4 миллиард калкы бар Жерге да кам көрүү керек», — деди ал.

Мындан тышкары, Жерде жашоо дагы канча уланарына карабай, келечекке жоопкерчилик менен мамиле жасоо зарыл экенин белгиледи.

«Жаңылыктардан космоско болгон кызыгууңуз тууралуу окуган сайын сизди урматтап келем. Бизге сиз сыяктуу каармандар керек. Бирок күн сайын Жердин жакшыруусу үчүн салым кошуп эмгектенген биз сыяктуу баатырлар да көбүрөөк керек. Менин айтайын дегеним ушул» — деди Жек Ма.

Маск ага жооп кылып, адамзатты көп планеталуу түргө өткөрүү үчүн Жерден 1 %га жетпеген гана ресурс колдонуларын билдирди.

Келечектеги жумуштар тууралуу

Жек Манын пикири боюнча, адамзатына азыркыдай көп кесиптин жана иш ордунун кереги жок. Ал келечекте иш жумалыгы 12 саатка гана созулушу ыктымалдыгын айтат. Кошумчалай кетсек, бир аз убакыт мурун эле, жаш ишкерлердин 996 режиминде (эртең мененки 9дан кечки 9га чейин, жумасына 6 күн) иштөө мүмкүнчүлүгүн айткан болчу.

«Адамдар жумасына үч күн — төрт сааттан гана иштеши керек. Электр жарыгынын пайда болушу адамдардын караоке, бий сыяктуу башка кечелерде көбүрөөк жүрүүсүнө мүмкүнчүлүк жаратты. Жасалма интеллекттин пайда болуусу менен адамдардын адам экенин сезүүгө, ага ылайык өмүр сүрүүгө көбүрөөк убакты пайда болот. Мен өмүрүмдө 300дөй шаарда болдум. Менин атам — 30, чоң атам – 3 гана шаарда болгон. Менин неберелерим 3000дей шаарга барышы мүмкүн…» — дейт Ма.

Масктын ою боюнча, убакыт өткөн сайын жасалма интеллект адам мээнетин керектен чыгарат.

«Адамдарга жасалма интеллекттин иштеши үчүн программалык тарабын гана камсыздоо калат. Ошондуктан мен аларга инженерия, физика сыяктуу тармактарды окууну, же башка адамдар менен мамиле түзүүнү үйрөнүүнү сунуштайт элем»,- деди ал.

Билим берүү тууралуу

Жек Манын пикири боюнча заманбап билим берүү системасы өзгөртүүгө муктаж.

«Учурда биздин балдарыбыз окуп жаткан бардык билим берүү системасы өндүрүш тармагына багытталган. Келечекте адамдан алда канча акылдуу техникалар чыгышы мүмкүн, бирок адамдар техникага башкарылып калбай, акыл калчап иштегенди үйрөнүшү керек. Ошондуктан билим берүү системасын өзгөртүүбүз зарыл.

Мурда биз бир нерсени унутпай эстеп калууга аракет кылып келдик. Бирок азыр аны компьютер бизден оңой сактап, эсептеп берет жана бизден ылдамыраак иштей алат. Ал эми азыр адамдын чыгармачылыгы артып, иштиктүү болушу керек.  Биз балдарыбызды буга канткенде үйрөтө алабыз? Азыр биз балдарыбызды чыгармачылыкка үндөөгө, сүрөт тартып, бийлерди үйрөтүүгө көбүрөөк убакыт бөлүшүбүз керек», — деди Жек Ма.

Бийлик 10 же 20 жыл ичинде билим берүү системасын өзгөртүүгө көңүл бурулушу керектигин баса белгиледи.

«Эгер азыркы билим берүү системасын өзгөртпөсөк, чоң көйгөйлөргө кабылабыз»,- деди ал.

Масктын пикири боюнча, келечекти алдын ала айтууга жардам берген билимди алууга аракет кылуу керек.

«Сиз окуп жаткан нерсе келечекти үйрөтө алабы, ушуга көңүл буруш керек. Биз көбүнчө адашып калабыз. Келечекте адашууну азайта аласызбы деген суроо жаралат».

Максктын айткандарына таянсак, ал иштетип жаткан Neuralink компаниясы бардык тармакты бат өздөштүрүп, мээге ар кандай маалыматтарды жүктөөгө шарт түзөт. Ал эми билим берүү процесси боюнча, айрыкча лекциялар өтө эле жай болуп жатканын белгиледи.

Калктын азайышы жөнүндө

Илон Маскты да, Жек Maны да бир пикирге келтирген демографиялык көйгөй темасы болду.

«Көпчүлүк биздин планетада жашоочулардын саны аябай көп деп ойлошот. Чынында, ал — эскирген пикир… 20 жылдан кийин кездеше турган эң ири дүйнөлүк көйгөй — бул, демографиялык кыйроо (коллапс)», — деген Масктын пикирине Жек Ма да каршы чыккан жок. Ал жердин жашоочулары убакыт өтөрү менен азаярын жана бул көрүнүш ылдамдаарын гана кошумчалады. «Адамдардын жашоосу жакшырган сайын, балалуу болууну каалашпайт», — деди Alibabaнын негиздөөчүсү. Ошондой эле ал роботтор улгайган адамдарга кам көрүү үчүн зарыл болорун кошумчалады. Анын пикиринде, өткөн жылы 15 миллион бала төрөлгөн Кытайда, элдин санынын өсүүсү төмөндөгөн.

Жашоонун узактыгы жөнүндө

Жек Манын айтымында, агрардык коомдо калк орточо 30-35 жыл жашаган, өнөр жайы өнүккөн коомдо жана технологиялык төңкөрүш мезгилинде 70, ал эми жасалма интелекттин пайда болушу менен адамдардын жашоо узактыгы 100-120 жылга чейин жогорулайт.

Масктын белгилешинче, биологиялык картаюу көйгөйүн чечсе болот, бирок ал учүн ДНКны алмаштыруу зарыл. Бирок мындай ойго баары эле кошула бербесин белгиледи.

«Мунун үстүнөн иштөө керекпи жокпу билбейм. Балким, акыр-аягы баары бир өлөөрүбүз жакшыдыр»,- деди.

1 пикир

1 пикир

  1. Баатырбек

    06.09.2019 10:40

    «Масктын белгилешинче, биологиялык картаюу көйгөйүн чечсе болот, бирок ал учүн ДНКны алмаштыруу зарыл. Бирок мындай ойго баары эле кошула бербесин белгиледи.

    «Мунун үстүнөн иштөө керекпи жокпу билбейм. Балким, акыр-аягы баары бир өлөөрүбүз жакшыдыр»,- деди.» Укмуш ойлорду айтыптыр.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM