Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек ЖЭБинде болгон өндүрүштүк кырсыктан эки кызматкер жабыркады. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ЖЭБдеги №7 турбинадан түтүк жарылып, эки электрикти күйүк чарпкан. Жаракат алган кызматкерлер №4 Бишкек шаардык ооруканасына жеткирилген. Жарылган түтүк оңдолуп, кырдаал жөнгө салынды.
Учурда окуя боюнча комиссия түзүлүп, кырсыктын себептери иликтөөгө алынып жатат.