Connect with us

С. Исаков менен Ж. Сатыбалдиевдин жаза мөөнөттөрү өтүлө турган жерлер айтылды

Кыска кабар | 22 Апр 2020 | 664 | 0

Бүгүн, 22-апрелде №1 убактылуу кармоочу жайда (СИЗО-1) Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясынын кезектеги отуруму өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Комиссия тарабынан 86 адам кандай режимде жана кайсы жерде жаза өтөй турганы каралды. Анын ичинде мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев жана «Электр станциялары» ААКтын мурунку башкы директору Салайдин Авазовдун жаза өтөй турган жери аныкталды. Аларга карата Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча соттун биринчи жана экинчи инстанцияларынын айыптоочу өкүмү чыккан.

Комиссиянын чечими боюнча:

— Сапар Исаков жалпы режимдеги №8 мекемеде;

— Жантөрө Сатыбалдиев жалпы режимдеги №47 мекемеде;

— Салайдин Авазов жалпы режимдеги №27 мекемеде жаза өтөйт.

2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук соту экс-премьер Сапар Исаковду Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыптуу деп таап, үй-мүлкүн мамлекетке чегерип, 15 жылга кескен.

Соттун чечими менен «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга камоого өкүм кылынган.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 ай, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга кесилген.

Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго коюлган «Коррупция» беренеси алмашылып, «шек саноо жөнүндө кабарлама берген эмес» деген негиз менен ар бири 2 жыл 6 айга кесилген. Алар бул жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыктан сот залынан бошотулган.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып төлөмөй болгон. Сот мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы да «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деп таап, 3 млн. сом айыпка жыккан.

Бишкек шаардык соту 2020-жылдын март айында Свердлов райондук сотунун бул өкүмүн күчүндө калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM