Биз менен байланышыңыз

Сапар Исаков кайра СИЗО-1ге которулду

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 736 | 0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагынан кайра СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечими чыкканын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

— №8 түзөтүү абагына которулган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду СИЗО-1ге кайра которуу чечими чыкты. Исаковдон жана дагы 7 кишиден анализ алынат, — деп айтылат маалыматта.

Бир нече күн мурда №1 тергөө абагынын бир кызматкеринен коронавирус табылганы расмий айтылган. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын түрмөлөрүндө коронавирустун алдын алуу боюнча чараларга байланыштуу ушундай чечим чыгарылган.

Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкордук үчүн айыпталып, №1 тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Петровкадагы №8 колонияга 23-апрелде которулган.

Ошондой эле, ЖАМК 22-апрелде комиссиянын чечими менен мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевди №47, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду №27 жалпы режимдеги түзөтүү абактарына которуу чечимин кабыл алган.

Copyright © 2017 Maral FM