Биз менен байланышыңыз

СИЗО-1 кызматкери коронавирусту жугузган булагы табыла элек

Кыска кабар | 9 мая 2020 | 548 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) СИЗО-1 мекемесинин кызматкери коронавирусту кайдан жугузуп алганы аныктала элек.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 9-майда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык иликтөө улантылып жатат.

Контактка барган 10 адам, үй-бүлөсүндө дагы 3 киши аныкталып, алардын баары изилдөөгө алынды. Учурда эпидемиялогияга каршы чаралар жүргүзүлүп жатат, — деди министрдин орун басары.

ЖАМКтын маалымат кызматы буга чейин СИЗО-1дин бир кызматкери коронавирус оорусун жугузганга шектелгенин, текшерүү жүргүзүлүп, анын анализдери таза чыкканын айткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM